Бишкекте автобустар үчүн атайын тилкелер чийилип баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев «Кабар» агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бул иштер калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен коомдук транспортко жол ачып берүү максатында жасалууда.
«Атайын тилкелер унаалар токтоп алып коомдук транспортко тоскоол болбошу үчүн жасалып жатат», — деп белгиледи ал.
Белгилей кетсек, аталган тилкелер пилоттук негизде чийилүүдө.