Бишкек шаарында тиешелүү кызматтар тарабынан муниципалдык коомдук транспортко рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иш-чаралардын жүрүшүндө шаардыктарды муниципалдык автобустар менен тейлөө сапатына, жол кыймылынын эрежелерин сактоого, автобус жүргүнчүлөрүн отургузуу жана түшүрүү тартибине, коомдук транспорттун тазалыгына көңүл бурулду. «Айрым автобустардын айдоочулары жүргүнчүлөрдү уруксат берилбеген жерлерден алып, түшүрүп, борбор калаанын жолдорунда тыгындарды жаратууда», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, коомдук транспорттордун тоскоолдуксуз кирүү жана чыгуусун камсыз кылуу максатында пилоттук режимде аялдамаларга атайын белгилер жана сигналдык мамылар орнотулууда. Пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашса, башка аялдамаларда да ушундай белгилер пайда болот.