Бишкекте Кугабаев Ермек Абдуганиевич дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-мартта Свердлов РИИБге жарандын мурдагы аялы кайрылып, анын дайынсыз болуп жатканын билдирген. Анын айтымында, 1965-жылы туулган Ермек Кугабаев 2025-жылдын январь айынан бери байланышка чыкпай калган. Аны акыркы жолу Сүйүмбаев көчөсүндөгү үйдүн жанынан көрүшкөн. Ошондон бери дайынсыз болуп жатат.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0 (708) 877-111, 0 (555) 85-60-85, 0 (703) 01-00-02 номурларына чалсаңар болот.