11-апрелде Биринчи Май РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Анда 10-апрелде Бишкек шаарынын Каракөл көчөсүндө жайгашкан үйүнө белгисиз адамдар кирип, алтын буюмдарды, жалпы суммасы 200 миң сом акча каражатын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 205 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза Кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1999-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.