Социалдык тармактарда жолго бетон төгүп бара жаткан унаанын видеосу тараган. Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматынан маалымат беришип, айдоочу табылганын билдиришти.
«Бишкек шаарынын милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолго бетон төгүп алган бетон ташуучу унаанын айдоочусуна карата белгиленген тартипке ылайык бардык чаралар көрүлдү»,- деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram








