Бүгүн, 25-сентябрдан тартып Келечек конушун Үмүт конушу менен байланыштыра турган жаңы №24 автобус каттамы ишке кирди. Автобустар Элебесов, Киев, Бейшеналиева жана Фрунзе көчөлөрү аркылуу жүрөт.
Эскерте кетсек, бул багытта буга чейин №224 маршрут каттап келген. Эми алардын ордуна заманбап шаардык автобустар каттамга чыгат.









