«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасында бир жылдык гүлдөрдүн өнүп чыкканын атайын чөйчөкчөлөргө отургузуу иштери башталды. Бул процесс шаардын гүлзарларына зарыл болгон бир нече негизги кадамдарды камтыйт. Бишкекте жайкысын 1 миллион 600 миңге жакын бир жылдык гүл гүлдөйт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Биринчиден, уруктар оптималдуу шарттарда өнүп чыккан атайын топуракка себилет. Алгачкы бутактары пайда болгондон кийин, көчөттөрү атайын чөйчөкчөлөргө отургузуу этабы башталат. Кийинчерээк, керектүү өлчөмдөргө жеткенден кийин, өсүмдүктөр ачык жерге көчүрүлүп, шаардын гүлзарларын кооздойт», — деп жазылат маалыматта.
Бишкек шаарында отургузулган гүлдөр сальвиа, цинерария, пеларгония, катарантус, агератум жана башкалар.