Бүгүн, 19-октябрда саат 11:18де Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын “102” кызматына ЦУМ-Айчүрөк соода борборунун имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге райондук администрациянын жетекчилиги жана райондук администрациянын тергөө-ыкчам тобу жөнөп кеткен. Учурда кызматкерлер жана жарандар эвакуацияланып, аймак курчоого алынды.
Буга чейин Жогорку Сот, райондук сот жана министрликтин имараттары, «Азия Молл» соода борбору, Октябрь райондук сотунун имараты курчоого алынган.