Бишкектин четиндеги Гроздь айылында 2 жаштагы бала фасоль жутуп жиберип, дем алуусу кыйындап, өмүрүнө кооптуу абал жаралган. Бул тууралуу Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 10-апрель күнү кечинде болгон. Ата-энеси жеңил өтүп кетет деп ойлошкон жана жардамга дароо кайрылышкан эмес. Бирок жөтөл күчөп, ышкылдаган дем алуу пайда болгондон кийин гана 11-апрелде дарыгерге кайрылышкан.
Наристени Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына алып барышкан. Дарыгерлер шашылыш бронхоскопия жасап, фасолдун калдыктарын бөлүп-бөлүп алып чыгышкан.
«Ден соолугуна коркунуч жаратып турган нерсе толугу менен тазаланган жок, бирок бала азыр туруктуу абалда, атайын көзөмөлдө жатат. Операцияны Торакалдык хирургия бөлүмүнүн башчысы Садыков жана анестезиолог Низамова ийгиликтүү өткөрүштү»,- деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram