21-июлда саат 01:16да “102” кызматынан билдирүү келип түшкөн. Анда Пишпек көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында белгисиз эркек киши ок атуучу курал менен жүргөнү айтылган.
Саат 01:19да “102” кызматына дагы бир жарандан кайрылуу келип түшүп, анда белгисиз киши ок атуучу курал менен үч жигитти коркутуу көрсөтүп жатканы айтылган. Келип түшкөн билдирүүлөр Ленин РИИБге катталган.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн. 1985-жылы туулган кармалган. Кармалган учурда ал мас абалында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, ал үч жигит менен урушуп кеткенден кийин аларды ок атуучу курал менен коркутуп, кууп барып, бир жолу ок чыгарган.
Бул факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) жана 267-беренеси (Курал-жарак, ок-дарылар менен мыйзамсыз аракеттер) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram








