Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын алкагында “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жана маалымдуулугун жогорулатууга багытталган “Акылдуу аялдама” пилоттук долбоорун ишке киргизди.
Маалымат тактасы Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанындагы аялдамага орнотулган.
Эми жүргүнчүлөр келе турган автобустун номерин, саатын көрө алат. Ошондой эле барчу жерине чейин кайсы транспорт, кандай маршрут менен жете аларын көрсө болот. Көзү жакшы көрбөгөндөргө, азиздерге маалыматты үн менен да айтып берет. Мэрия мындай “акылдуу” таблолор шаардын башка негизги аялдамаларына да коюларын билдирди.











