Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм изделип жаткан. Милиция маалымат таратып, ал 28-декабрда саат 16:30 чамасында Бишкек шаарынын Аламедин-1 кичи районунда жайгашкан үйүнөн чыгып, кайтып барбаганын билдирген.
5-январда Свердлов районунун аймагында өспүрүм аман-эсен табылган. Учурда окуянын бардык жагдайлары аныкталып жатат. Өспүрүм ата-энесине өткөрүп берилип, профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлгөн.