Бишкекте жаңы ЦУМдун (ЦУМ-2) кире бериши бузулат. Мэрия бул соода имарат бөлүнгөн чектен чыгып кеткенин эскертип, 2 күн убакыт бергенин кабарлады.
Бишкекте бүгүн, 12-октябрда вице-мэр Нурдан Орунтаев көрктөндүрүү иштерин көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте ЦУМ «Айчүрөк» соода борборунун кире беришин бузууга барышкан. Бирок аталган соода борборунун администрациясы өзү бузарын билдирген.











