Бишкекте Жаңы жыл түнү коомдук транспорт түнкү 3кө чейин каттайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Күн сайын шаардыктарды тейлеп жаткан 56 каттам же 1200 бирдик толугу менен чыгат. Мындай чечим шаардыктарды майрамдан кийин үйүнө жеткирүү жана жаңы жылдык маанай менен калаа тургундарына шарт түзүү үчүн кабыл алынды. Унаа тыгындарын алдын алуу үчүн борбордун тургундарын жана меймандарын жеке унаалардын ордуна, коомдук транспортту колдонууга чакырабыз»,- деп айтылат маалыматта.