Бишкекте милиция кызматкерлери ӨКМ жана Тез жардам кызматкерлери менен биргеликте адам өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-апрелде саат 13:30 чамасында Киев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жаран кызмат өтөп жаткан жол тескөөчүлөргө кайрылып, досу салынып жаткан имараттардын биринен секирмекчи болгонун айткан.
Кайгуул кызматкерлери ыкчам чара көрүү менен Өзгочө кырдаал кызматкерлери жана Тез жардам кызматкерлери менен байланышып, аталган дарекке барган учурда маалымат такталган. Кызматкерлер Р. уулу У. аттуу жарандын өмүрүн сактап калышкан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram