«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы Бишкекте көчө жарыктарын орнотуу жана модернизациялоо иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Жибек-Жолу көчөсүнүн жаңы кошулган Лермонтов көчөсүнөн Гаражный көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жарыктандырууну толук модернизациялоо жүргүзүлдү. Жаңыланган тилкенин узундугу 3 чакырымды түзөт. Жарыктандыруунун алкагында чырактар алмаштырылып, кабелдин үзүлүшү оңдолду. Ошондой эле жарык берүүчү тирөөчтөр түздөлүп, тегизделди.
«Эми бул участок расмий түрдө «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берилди. Бул аларга анын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөөгө жана жарыктандыруу системасынын ишенимдүү иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет», — деп жазылат маалыматта.