Борбор калаада аба ырайынын жылышы менен “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолдорду, жолдун жээгиндеги тосмолорду жана аялдамаларды жууп баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бүгүнкү күндө Октябрь районунун Абдрахманов көчөсүн бойлой Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин, Ахунбаев көчөсүн бойлой Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин жууп-тазалашты.
Свердлов районунда Жибек-Жолу проспектисинде Абдрахманов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин жуулду.
Ошондой эле Биринчи Май жана Ленин райондорунда Манас проспектисин бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Ормон хандын эстелигине чейин (Ажыбек баатыр көчөсү) жууп тазалоо иштери жүргүзүлдү.