Буга чейин Бишкектеги төрөтканалардын биринде кесарево жолу менен көз жарган келиндин кайрылуусу жарыяланган. Анда келин 24-январда кош бойлуулугунун 39-жумасында пландык кесаревого барганын, операция эртеси күнү 25-январда болгонун, орун жоктугуна байланыштуу коридорго жаткырып койгонун айткан.
«Мен үшүп кеткенимди айтып, эртең мененкиге чейин коридордо жаттым. Дене табым көтөрүлгөндөн улам 3-февралга чейин төрөтканада жаттым. Кийин ичимде резина мээлейдин калдыгы калып калганын билдим. Төрөтканадан чыккандан 2 жума өтсө дагы кесилген жер айыкпай жатты. Дене табым көтөрүлүп, башым айлана баштады. 10-мартта башка дарыгерге кайрылып, операция жасатып, болжол менен 13 сантиметр резина кол каптын калдыгын алдырдым»,- деген ал.
Бул боюнча Ленин РИИБден маалымат беришип, келиндин бул окуя боюнча арыз жазганын билдиришти.
«Арыз ээсинин айтымында, хирургиялык жараатта медициналык кол каптын бир бөлүгү калган, ал ириңдеп, жарааттын узакка айыгышына алып келген. Мындан тышкары, дарыгер бейтапты төрөт үйүнүн коридоруна таңга чейин дарыгерлердин көзөмөлүсүз калтырып, шалаакылык кылган»,- деп айтылат маалыматта.
Аталган факты каттоого алынып, төрөт үйүнүн кызматкерлери суралган. Учурда төрөт боюнча медициналык документтери суралып, анын негизинде Жазык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык процессуалдык чечим чыгаруу үчүн комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Врвчтардын шалаакылыгынан канча омурлор кыйылып атат,Ажообуз жакшы эле шарт тузуп берип атат го акча коррупции дагы деле токтобой оорулууларды кыйнап кандарын соруп бутпой коюшту адилеттуулук ыйман ынсап деген калбай калган.