Бишкек шаарында бүгүндөн баштап көмүр 4 миң сомдон сатылат. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» ишканасынан билдиришти.
Арзан көмүр сатылган даректер:
- Мурманский, 126;
- Айланма жол Алма-Ата көчөсү менен кесилишет;
- Айланма жол Киргизская көчөсү менен кесилишет;
- Достоевский көчөсү, 97.
Бишкектин тургундары таңкы 9:00дөн кечке чейин аталган даректерден алса болот. Бул иш чара “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан уюштурулууда.