Бүгүн, 19-июндан тартып Бишкек шаарындагы Курманжан Датка көчөсүн реабилитация иштерине байланыштуу Салиева көчөсүнөн тартып Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Буга байланыштуу, №34, 48, 100, 101, 104, 51, 175, 8(Т), 71, 146, 169 автобус каттамдарынын жүрүү кыймылы өзгөрдү.