Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарында манас таануучулардын Республикалык форуму башталды. Аталган иш-чарага өлкөбүздүн жети дубанынан катышуучулар келди.
Манас Улуттук Академиясы тарабынан уюштурулуп жаткан бул форумдун башкы максаты «Манас» эпосун жайылтуучулардын башын бириктирип, алгылыктуу иштерди жүргүзүү болуп саналат.
Форумга атайын спикерлер чакырылып «Манас» эпосун жайылтуунун жолдору, «Манас» эпосу маалымат майданында аттуу темаларда сөз сүйлөштү. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Манас Улуттук Академиясы тарабынан аткарылган жана келечекте ишке аша турчу иштер тууралуу маалымат берилди.