20-февралда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына чалуу түшкөн. Анда эркек киши «Мен бирөөнү өлтүрүп алдым» деп айтып, Лев Толстой көчөсүндөгү дарек берген. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Жерине барган милиция кызматкерлери тарабынан маалымат тастыкталган эмес. Чалган киши байланышка чыкпай калган. Издөө иштери жүргүзүлүп, 1975-жылы туулган жаран кармалган. Ал аялы менен уруша кетип чалганын айтты. «Мен милиция кызматкерлеринен кечирим сурайм, аялым менен уруша кеткем. Мага кабатыр болсун деп, ушундай ишке бардым», — деген ал. Эми анын кылыгына юридикалык баа берилет.
Посмотреть эту публикацию в Instagram









