Бишкек аймактык башкармалык тарабынан майыптыгы бар балдарга белек сатып алуу үчүн ишкерлерге демөөрчүлүк жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кат жолдонгондугу белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
«Муниципалитеттин жыйынында мэр Айбек Жунушалиев бул маселени карап, тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасын берди. Мэрдин орун басарларына жана аппарат жетекчисине бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, эгерде мындай факты аныкталса, ээлеген кызматынан бошотуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды», — деп жазылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда Бишкек мэриясы майыптыгы бар балдарга белектерди берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен керектүү өлчөмдө каражат бөлүнгөн жана МАБга жана шаардык кызматтарга акча каражатын табуу боюнча тапшырмалар берилген эмес. Муну менен катар шаар башчысы кызматкерлерден акча чогултуу же чарбалык субъекттерди мажбурлоо жолу менен жетекчиликке белек уюштурууга жол берилбестигин кызматкерлерге катуу эскертти. «Максималдуу куттуктоо баракчалары!» деп белгиледи муниципалитеттин башчысы.