Бүгүн, 9-майда Бишкекте Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Өлбөс полк” жүрүшү башталды. Жүрүш саат 09:00дө башталды.
Миңдеген жарандар Түштүк Магистраль жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишине чогулушту. Полктун маршруту Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Ибраимов проспектисине чейин уланат, андан ары жүрүш Жеңиш аянтында аяктайт.