Бишкекте оргумалардын сезону расмий ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
«Тазалык» муниципалдык ишканасы 17 оргуманы ишке киргизди, алар эми борбор калаанын тургундарын жана конокторун күн сайын кубандырат.
Бардык фонтандарды “Тазалык” ишканасы тейлеп, жарым-жартылай техникалык тейлөөдөн өтөт. Суу күн сайын саат 9:00дөн 21:00гө чейин иштетилет, техникалык тыныгуу саат 13:00дөн 16:00гө чейин.