Чүй облусундагы Орто-Сай – Флагшток унаа жолу жаңыланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.
«Учурда асфальттын биринчи катмарын, аны менен катар тротуар салуу жумуштары жүрүүдө. Алдыда асфальттын экинчи катмары басылат.
Долбоордо жарыктандыруу, отургучтарды жана таштанды челектерин орнотуу, унаа токтотуучу жайлар менен жарандардын токтоп, панорамалык көрүнүштөргө көз чаптыруусуна шарт түзгөн аянтчалар каралган.
Белгилей кетсек, бул жол мурда өтө начар абалда болуп, каттам үчүн кыйла түйшүктүү эле», — деп жазылат маалыматта.







