Бишкекте Алымкулова Руфин Раухатовна дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 30-июнда анын апасы милицияга кайрылып, кызы 27-июнда саат 18:00 чамасында үйдөн чыккан боюнча кайрылып барбаганын билдирген. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган.
Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, (0312) 35-29-47, 0703 69 90 55, 0702 80 80 23 номурларына чалсаңар болот.










