Бүгүн, 28-декабрда Улуттук филармонияда балдар үчүн салтка айланган Жаңы жылдык балаты болуп өттү. Ага президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышышты. Өлкө башчысы балдарды куттуктап сөз сүйлөп, андан кийин балдар тартуулаган концерттик программаны көрдү.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Кымбаттуу окуучулар!
Менин ардактуу кичинекей досторум!
Мынакей, туура 3 күндөн кийин, биз – баарыбыз Жаңы жылды жакшынакай маанай менен тосуп алабыз.
Жаңы жыл майрамы жакшы тилектердин майрамы болгондуктан, силер Жаңы жылды жакындарыңар, досторуңар менен тососуңар. Ушундан улам, мен ар жыл сайын Жаңы жылга аз калганда кичинекей досторум менен жолугушам. Мына ушул салтты улай, белектеримди алып, чогуу Жаңы жылдык балаты концертин көрүп, силер менен баарлашуу үчүн келип олтурам.
Урматтуу окуучулар, кышкы каникул менен кошо Жаңы жылды чыдамсыздык менен күтүп келдиңер да? Андыктан, маанайыңар абдан мыкты деп ойлойм. Мен алгач силерге узап бара жаткан жылда өлкөбүздө кандай иштер жасалганын жаңылык катары айта кетейин.
Узап бара жаткан жылда биз жашап жаткан Кыргызстаныбыздын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген Кара-Кыргыз автономия облусунун 100 жылдыгын белгиледик. 100 жылдыкка карата ондогон мектептер, бала бакчалар, завод-фабрикалар ачылды. Жаңы имараттар курулуп, парктар жаңыланды, унаа жолдорубузга асфальт төшөлүп, шаарларыбыз жаркырап калды. Биз, “балдарыбыздын мектептери жаңырсын, жаңы китептер менен окусун, дене тарбия сабактары жаркыраган спорт залдарда өтсүн” деп бардык аракетибизди көрүп жатабыз.
Спортчуларыбыз тыным албай машыгып, эл аралык мелдештерде алтын, күмүш, коло медалдарды утуп, өлкөбүзгө сыймык алып келип жатышат. Жогорку окуу жайларынын студенттери, мектептеги силердин байке-эжелериңер дагы китептерди көп окуп, катуу даярдык менен барып, эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарга ээ болушту, Кыргызстаныбыздын желегин бийик желбиретишүүдө.
Мынакей араңарда эл аралык олимпиадаларга катышып, олжолуу кайткан окуучулар дагы олтурат.
Жанараакта көрдүңөр, “Ди-биллионс” аттуу өнөрлүү балдар дүйнөгө Кыргызстандын атын даңазалап келишет. “Шаттык”, “Дилгир”, “Ак шоола” жана башка ыр-бий ансамблдерде силердин досторуңар, классташтарыңар, тааныштарыңар өз өнөрлөрү менен дүйнө кыдырып жүрүшкөнүн жакшы билесиңер.
Ал эми силер, менин кичинекей досторум, өлкөбүздү өнүктүрүш үчүн, Кыргызстанды даңктап-даңазалап, кызыл желегибизди бийик желбиретиш үчүн эң биринчи кезекте мектепти жалаң “5” деген бааларга окушуңар керек. Агай-эжейлердин сабакта айткандарын кунт коюп угуп, берген тапшырмаларын так аткарышыңар зарыл. Билимиңерди көбөйтүп, акылыңарды арттырышыңар кажет.
Балжууран балалыгыңар эң сонун күндөр менен, эстен кеткис көз ирмемдер менен коштолсун.
Кыргызгидромет борбору эртең, 29-декабрда өлкө боюнча жаан-чачын болбойт деп билдирди. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн...
Казакcтанда кулаган учак кырсыгынан жабыркагандар мекенге алып келинет. Бул тууралуу билдирүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы таратты. 28-декабарда Казакстандын...
"Тарыхыбыздагы эң чоң жетишкендик - Кыргызстандын ооруканаларында бөйрөк, боор жана сөөк чучугун алмаштыруу иштери башталганы. Мен ойлойм, жакын арада жүрөк...
Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын жараны Ринат Асановду өлкөгө алып келүүгө учак даяр. Бирок анын учурдагы абалы оор, учакта алып келүү...
Энергетика министрлигинин 2024-жылы аткарган иштери, жетишкендиктери тууралуу министр Таалайбек Ибраев маалымат берди. "2025-жылы - кылымдын долбоору, эң чоң мега проектибиз...