Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери жарандардан системалуу түрдө акча каражаттарын опузалагандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, дарыгер Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан оң корутунду берүү үчүн пара түрүндө системалуу негизде акча чогултууну уюштуруп жүргөн. Ал Бишкек шаардык «Башкы архитектурасынан» уруксат алуу үчүн тиешелүү тараптарга санитардык нормалардын сакталышын тастыктаган уруксат кагаздарын мыйзамсыз берип жүргөн.
12-июнь күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда аныкталган маалыматка ылайык, санитардык дарыгер С.Д.А.нын электрондук капчыгына чоң өлчөмдөгү акча каражаты которулган. Ошондой эле, тинтүү учурунда жанынан 25 миң сом, ал эми унаасынан 55 миң сом акча каражаты табылган. Бул эмне акча экенин дарыгер түшүндүрүп бере алган эмес.











