Бишкекте саясат таануучу Марат Казакпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Казакпаев менен коштошууга анын жакын туугандары, достору, кесиптештери келишти. Саясат таануучу менен коштошууга келгендердин арасында экс-депутаттар Жылдызкан Жолдошова менен Равшан Жээнбеков да бар.
Марат Казакпаев 10-июнда эс-учуна келбей, ооруканада көз жумду. Ал өткөн жылдын апрель айында чыккынчылыкка шектелип кармалган болчу.