Бишкекте таштандыдан табылган баланын абалы орто оор. Ымыркай учурда реанимацияда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
«28-январь күнү саат 08:05те тез жардам менен Шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына оор абалдагы ымыркай жеткирилген. Ага ара төрөлгөн деген диагноз коюлган кыздын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бөбөк тиешелүү дарылоонуудан өтүп жатат», — деп маалымдашат министрликтен.
Бишкек шаарынын Интергельпо көчөсүндөгү таштандыдан ымыркай табылган. Аны окуучулар байкап калышкан.