Эмгек министрлиги таштанды челектен табылган баланын жакын туугандарын издеп жатат. Министрликтен ымыркайга карата көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.
Ведомстводон билдиришкендей, Бишкек шаарынын Октябрь административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлери тарабынан №1 төрөт үйүнө чыгуу уюштурулуп, баланын абалын текшеришти. Ошол эле учурда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу, жакын туугандарын таап, камкордукка берүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Эгерде, жакын туугандары табылбай, же камкорчулуктан баш тарткан учурда баланын маалыматтары кийин асырап алуу үчүн ата-энесинин камкордугусуз калган бала катары Мамлекеттик маалымат банкына киргизилет жана социалдык мекемеге жайгаштырылат. Баланы жекече коргоо планы жана маалымат Октябрь административдик районунун Балдар иштери боюнча комиссиясында ушул жумада каралат.