Бишкекте 1991-жылы туулган Толгонай Мамбетсадык кызы дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-апрелде Ленин РИИБге жаран кайрылып, кызы дайынсыз болуп жатканын билдирген. Анын айтымында, 5-мартта саат 17:00 чамасында «Ош базарында» соода кылып жүрүп адашып кеткенин айткан. «Психикалык жактан жабыркайт»,- деп айтылат маалыматта.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, (0312) 35-26-05, 0550 336 680, 0707 336 688 номурларына чалсаңар болот.