Бишкекте үйлөрдү жылытуу сезону 17-мартта аяктаганы жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Мындай чечим Бишкек шаарында аба ырайын жана сырттагы абанын температурасын эске алуу менен күз-кыш мезгилине карата ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынды. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы кол койду.
Маалыматка ылайык, быйыл күйүүчү май 600 миллион сомдон ашык үнөмдөлгөн. Энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында Бишкек шаарынын «Электр станциялары» ААКсынын Бишкек ЖЭБ жана Бишкек жылуулук энерго филиалдарынын мүлк комплекстери Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлгөн.