Үстүбүздөгү жылдын 4-февралында 2010-жылы туулган Аннас Айтбаев Бишкектеги №72 мектепте сабалып, кийин ооруканада каза тапкан. SEREP TV телеканалына маркум окуучунун ата-энеси маек берди.
Каргашалуу күндөгү окуяны Аннастын апасы Нуризакан Эрмекбаева айтып берди. Анда Нуризакан 21-январь күнү эртең менен үч баласын, кайненесин унаасына салып мектепке балдарын алып барып таштаганын айтат. Апасынын айтымында эки баласын мектепке таштап, кайненесин автобуска салып, кичүү баласын англис тил курсуна жеткирген.
«Аннас мектепке жакшынакай эле, чуркап кирип кеткен. Мен жумушта отурганда, саат 10:37де баламдын класс жетекчиси чалды. «Саламатсызбы эже, балаңыз Аннас дараткананын ичинде жыгылып түшүптүр, ичи раковинага тийиптир», — деди. Чочуп, кийинип чыгып эле мектепке барып калдым. Мен саат 11:02де балама чалыптырмын, «каердесиңер, кабинетиңер кайда» деп. Эжекеси биринчи кабаттан тосуп алып, 3-кабаттагы медпунктка алып барды. Кирип барсам балам жакшы эле отурган. Дарыгер менен медайым кан басымын өлчөп жатышыптыр, 90\65 деп айтышты. Өңү бир аз кубарып турган. Баламдан «эмне болду?» деп сурасам, «балдар менен чуркап келатып, ичим менен раковинаны сүздүм» деп ичин көргөздү. Мен ал сөзгө ишендим«, — дейт Аннастын апасы.
Эненин айтымында аңгыча тез жардам келип, дарыгерлер бала жакшы экенин, ооруканага алып кеткенге себеп жок экендигин айтышкан. Дарыгерлер эч жеринде көгала жок, жакшы эле сүйлөп жатат, үйгө алып кете берсеңер болот дешкен. Бала 3-кабаттан өзү түшө албай «апа мен жаман сезип жатам, кускум келип жатат» деген. Анан жогорку класстын балдарынын жөлөгү менен унаага чейин жеткиришип, апасы, улуу баласы, класс жетекчиси болуп Бишкектеги №3 балдар ооруканасына алып барышкан.
«Ал жакка барганыбызда да кан тапшырасыңар дешти, УЗИге, невропологго жазды, хирургга киресиңер дешти. Ошол учурларда балам «баса албайм, жүрөгүм айланып жатат, алым жок» деп кыйналып жатты. Биз жетелеп жүрдүк. Хирургга барганда чоң балам инисин көтөрүп алып барды. Хирургдар көрүп, «баланы уруп койгон жокпу, уруп койгон го» дешти. Аннас «жок» деп жооп берди», — деп эскерет эне.
Апасынын айтымында сабаган балдар бешөө болгон. Алардын экөө Аннасты медпунктка алып келишкен. Алар маңдайында тургандыктан баласы медпункттагы дарыгерлер эмне болгонун сураганда чындыкты айта алган эмес. Ошол учурда Аннастын классташтары медпунктка келишкен. Аларды сабаган балдар, 9-класстын окуучулары медпунктка киргизбей коюшкан.