Биринчи Май районунун жалпы билим берүү мекемелеринде “Смартфонсуз сабак” долбоору ишке ашырылды.
Мектеп окуучуларынын алаксыбашы жана материалды жакшы өздөштүрүүсү үчүн сабактарды баштардан мурун окуучулар өздөрүнүн гаджеттерин бардык класстарда орнотулган номурланган кутуларга коюшат, сабактын аягында же тыныгуу учурунда балдар смартфондорун кайра колдоно алышат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн райондогу 22 мектепке 1801 куту сатып алынып, ага жергиликтүү бюджеттен 3 миллион сом бөлүнгөн.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырованын демилгеси менен №70 мектеп пилоттук долбоор болуп, ал кезде ар бири 30 кулпуланган чөнөктөн турган 140 куту сатып алынган.











