Бишкектеги атчан милиция кызматкерлери саммитте коопсуздукту камсыздап жатышат.
ИИМдин тутумундагы кавалериялык взвод 1990-жылдын 10-июнунда түзүлгөн. 2019-жылы Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын курамына кирген. Кавелериялык взвод негизинен:
- коомдук коопсуздукту сактоо максатында сейил бактарга кайгуулга чыгат;
- чет өлкөдөн келген конокторду тосуу, узатуу иш-чараларында, мамлекеттик резиденцияда өз милдеттерин өтөшөт;
- айрым учурларда массалык баш аламандыктарда да коомдук коопсуздукту сактоо иретинде кавалериялык взвод тартылат.