Бишкекте №50 каттамдагы автобуста жалгыз калган кыз ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол тескөөчүлөргө автобуста кичинекей кыздын жалгыз калганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери маалымат алган соң кылдаттык менен транспорттук маршрут түзүп, кыздын үйүнүн болжолдуу маршруту түзүлгөн. Кыз тез арада адистештирилген органдарга жеткирилип, ал жактан ага керектүү колдоо жана коопсуздук камсыздалган. Ошол жерден кызды ата-энесине өткөрүп беришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram