Накталай төлөмдү 20 сомдон 40 сомго көтөрүү долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу шаардык мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев Бишкек шаардык кеңештинин комиссиясынын биргелешкен жыйынында билдирди.
«Накталай төлөм 20 сом, накталай эмес төлөм 17 сом болгондуктан, жарандар накталай эмес төлөмгө өтпөй жатышат. Талдоо аяктагандан кийин долбоорду Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизебиз», — деди ал.
Бейшенбаев суроолорго жооп берип жатып, автобус айдоочулары жетиштүү экенин айтты.