“Автогаз республикага белгилүү өлчөмдө алып келинди, дагы бир бөлүгү жолдо, Казакстандын аймагында келе жатат. Абал 7-10 күндө турукташат”, — деди Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов “Биринчи радиого” берген маегинде.
Ал мындай көрүнүш Бишкекте эле болуп жатканын, өлкөнүн башка аймактарда абал туруктуу экенин кошумчалады. Борбор калаада таксилердин негизги бөлүгү, коомдук транспорт газга өткөн, күйүүчү майдын бул түрүн арзаныраак деп колдонгон адамдар да көп.