Бүгүн, 19-октябрда саат 09:40та Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «102» кызматына «Азия Молл» соода жана оюн-зоок комплексинин имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Окуя болгон жерге Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу жана райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери барышып, жарандар эвакуацияланып, аймак курчоого алынган.
Буга чейин Жогорку Сот, райондук сот жана министрликтин имараттары курчоого алынган болчу.










