Билим берүү департаменти бала бакчалардагы тамакка болгон төлөм боюнча маалымат берди.
“Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын негизинде, ошондой эле Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы №257 “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактандырууну уюштуруунун тартиби бекитилген жана тартиптин 11-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши бир балага күнүнө 120 сом өлчөмүндө тамактануу үчүн акчалай төлөмдүн өлчөмүн бекиткен.
Бул тартипке ылайык, 1-июлдан баштап бала бакчаларда тамактануу үчүн төлөм ата-энелердин эсебинен жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө бала бакчалардын жетекчилерине ата-энелер жамаатынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, борбор калаанын билим берүү тармагында 118 муниципалдык бала бакча бар.






