Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысынын майрамдык жандыруу аземи өтүү.
Шаардык мэрия тургундарга жана конокторго майрамдык программа уюштурду. Аянтта эс алуу жана оюн-зоок зонасы, анын ичинде 1500 чарчы метр муз аянтчасы, соода күркөлөрү жана фудкорт, этникалык зона, устакана аянты, Аяз атанын үйү, фото зоналар жана балдар аянтчасы бар.
Бишкектин түстөрүндө жасалган балатынын узундугу 32 метр болсо, диаметри 12 метрди түзөт. Аны кооздоо үчүн 7000дин айланасында оюнчук, 7,5 чакырым гирлянда илингенин мэриядан билдиришкен.







