Социалдык тармакта «Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакта чөөлөр улуп жатат» деген видео тараган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек мэриясынан бир чөө атып өлтүрүлгөнүн билдиришти. «Мэрия видео чыгар замат реакция кылды. Бир чөө болгон, ал жок кылынды. Учурда адамдардын коопсуздугун камсыздоо максатында мэрия көзөмөлгө алып, карап жатат», — дешти.