Маданият министрлиги 19-20-апрелде саат 10:00дөн 20:00гө чейин Ботаникалык бакта өтүүчү жазгы фестивалга чакырат.
Сизди эмнелер күтөт?
- KHAN BAZAAR белектер жарманкеси – дизайнердик буюмдар, уникалдуу белектер жана аксессуарлар сатылат.
- Жаратылыш менен биримдик – сизди шаардын чок ортосунда жаңыланган ботаникалык бакча күтөт.
- Көңүлдүү атмосфера: мастер-класстар, чыгармачыл адамдар менен баарлашуу, ди-джей, фуд-корт жана, албетте, жаркын эмоциялар!
Дагери: Бишкек шаары, Горький көчөсү 212а.