Бишкектеги Элебесов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасы Элебесов көчөсүн бойлой асфальт-бетон заводунан Келечек конушундагы айланма жолго чейин капиталдык оңдоону баштады.
Бул көчөнүн узундугу 1300 погон метр, ал эми жолдун туурасы 6 метр. Тротуар жана ирригациялык тармагы орнотулат. Бүгүнкү күндө эски асфальтты сыйруу жана жер кыртышын даярдоо иштери башталды.
12 даана электр тармактарынын жана телефон мамыларынын тирөөчтөрүн демонтаждоо, 7 кудукту алуу, жолдо жана тротуарда тосмо таштарды, арык лотокторду жана түтүктөрдү орнотуу пландаштырылууда.