Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган жарнамалык конструкцияларды, борбордун дизайн кодуна туура келбеген көрнөктөрдү жана баннерлерди демонтаждоо боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Свердлов районунда Курманжан Датка көчөсүндө Чүй проспектисинен ГЭС-2 кайрылышына чейин жана Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин иштер жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 96 даана жарнамалык конструкциялар демонтаждалып, жалпы суммасы 83 миң сомдук 23 протокол түзүлдү.
Октябрь районунун аймагында 72 даана жарнама конструкциялары демонтаждалган. Жалпы суммасы 60 миң сомду түзгөн 12 протокол түзүлдү»,- деп айтылат маалыматта.