«Бүгүнкү күндө резервде айдоочулар бар, анткени биз айлык акыны жогорулатуу жолуна түшкөнбүз: 50 миң сом чегерилип жатат, 42-43 миң сом колуна алышат». Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин комиссия жыйынында вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов билдирди.
Анын айтымында, жаңы жылдан тарта жаңы төлөм системасы ишке кирсе, айлык акыны дагы жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
«Азыр 130 айдоочу кезекте турат. Автобустар келсе линияга чыгат. Санкт-Петербургдан 10 жигит келди. Алар ал жакта 70 миң рубль алып жүрүшкөн. 50 миң сом жакшы айлык экенин айтышууда», — деди ал.











