Бишкектеги Курманжан датка көчөсү автоунаалар үчүн толук ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Анын Жибек Жолунан Чүй проспектисине чейинки бөлүгү оңдолду, жумуш мөөнөтүнөн 50 күн эрте бүткөрүлгөн. Көчөнүн аталган бөлүгүндө жылуулук өткөргүчтөр жаңыланып, жол 12-16 метрден 21 метрге чейин кеңейтилди. Эми тротуар менен веложолдун курулушу пландалууда.











