Буга чейин социалдык тармактарда «Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн жаңы эле оңдолгон бөлүгүн суу каптады» деген видео тараган. Мэрия бул боюнча түшүндүрмө берди.
«Бүгүн, 16-сентябрда Лев Толстой көчөсүнүн оңдолгон бөлүгүндө суу түтүктөрүндөгү авариянын кесепетинен көчөнү суу каптаган. “Бишкек суу канал” муниципалдык ишканасынын бригадасы жеринде ыкчам иш алып барышты. Диаметри 150 мм болгон түтүк зыянга учураган.
Авария Лев Толстой көчөсүнүн түштүк тарабындагы газондо болуп, жолдун үстүнкү катмары жабыркаган эмес. Учурда түтүктү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.












